«Тил-өмүрдүн булагы»
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата мектептин кыргыз тили адабияты мугалимдери тарабынан “Тил – өмүрдүн булагы” аталышындагы бир жумалык иш чара уюштурулду. Бул иш чаранын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында 1-11-класстар арасында ар кандай сыныктар ишке ашырылды. Натыйжада Ж. Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын концерттик залында 25-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин 34 жылдыгына карата уюштурулган иш чаранын жыйынтыгы чыгарылды. Иш чарада мектептин окуу жана тарбия иштери боюнча завучу, кыргыз тили жана адабияты мугалими Сагыналиева Тураркүл Сагыналиевна сөз сүйлөп, мектептин жалпы жамаатын жана окуучуларын Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады.
Класстар арасында бир жумалык иш чарадагы сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, мектептин Ардык Грамотасы менен төмөнкү даражада сыйланышты:
1. 8-класстар арасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин жана Мамлекеттик тил гимнин ырдоо сынагында 8-Б классынын окуучулары сыйланды.
2. 7-11-класстар арасында “Тил – өмүрдүн булагы” аталышындагы дубал газета сынагынан 9-А классынын окуучулары жеңишке жетти.
3. “Тил башаты – Манас” сынагында “Жаш манасчылар” тобу сыйланды.
4. 1-4-класстар арасында акыйнек айтууда 4-А классынын окуучулары сыйланды.
5. Көркөм окуу сынагынан 9-Г классынын окуучулары сыйланды.
6. Күү чертүү сынагынан 10-Г классынын окуучусу Байсалова Бактыгүл сыйланды.
Иш чара чакан концерттик программа менен коштолуп жыйынтыкталды.
Комментарии