МаалыматЖелкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында саат 9-00дө 1-сентябрь билим күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, ата-энелер комитетинин төрагасы Турдиев Кожокмат Тактиевич, ата-энелер жана мугалимдер катышты.
Иш-чаранын аземинин ачылышында Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, окуучулар ырдашты.
Элдик “Ханыша” бий ансамбили “Асыл зат” бийи менен иш-чараны ачып берди.
Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги А.Ш.Омурова мугалимдер жааматын, конокторду, ата-энелерди жана 1-класска кирген окуучуларды куттуктап, сөз сүйлөдү.
Иш-чарада Райондук “Манас” айтуу конкурсунун жеңүүчүсү 11-г классынын окуучусу Айтакунов Алмаз “Манас” эпосунан үзүндү айтып беришти.
Иш-чаранын соңунда коңгуроо кагылып,
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүк-Кыргыз жараны өнүктүрүү концепциясында жазылган принциптердин негизинде өнүккөн жана толеранттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуу максатында
1-4-класстарга “Биз –Кыргызстандын мкелечегибиз”, 5-6-класстар “Элдердин биримдиги көп түрдүүлүктө”, 7-9-класстар “Эл биримдиги көп түрдүүлүк”, 10-11-класстар Кыргыз жараны-жалпы жарандык идентүүлүктүн негизи деген темаларда класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өткөрүлдү.
Иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.