«Укук бузуулардын алдын-алуу»
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында бүгүн 29-сентябрда “Укук бузуулардын алдын алуу” боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Аламүдүн РИИБнүн БИИнын улук инспектору милициянын майору Алымбеков Руслан Джаанбаевич, РБББ башкы адиси Орозобаева Светлана Бекеновна, Аламүдүн райондук прокурордун жардамчысы Бактыгүл Алимжановна, Аламүдүн райондук социялшдык башкармалыгынын башчысы Султанов Алмаз Молдогазиевичтер келишти жана 8-9-класстын окуучулары катышты. Иш-чарада Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору А.Ш.Омурова келген конокторду окуучуларга тааныштырды.
“Акыркы сабак” тасмасынан үзүндү көргөзүлдү.
“Менин укуктарым жана милдеттерим” деген темада көркөм ырларды айтышып, 8-г классынын окуучулары зордук –зомбулуктун алдын-алуу боюнча даярдаган сценка аткарышты. Жаш балдар өспүрүмдөрдүн инспектору Кыялбекова Бегимай Нурдиновна иш-чараны жыйынтыктап, “Укук бузуулардын алдын алуу” боюнча өзүнүн сөзүндө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан баштап тартыларын жана жашы жете элек өспүрүмдөрдү мектеп ичинде рэкетчилик жоосун иштерин жасалбоосун, мектепте болуп жаткан иш-аракеттерин айтып призинтациясын көрсөттү.
Комментарии