Терроризмдин жана экстремизмдин алдын алуу
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында бүгүн
14-апрелде “»Терроризмдин жана экстремизмдин алдын алуу» темасындагы алдын алуу-билүү маеги өткөрүлдү. Иш-чарага Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчи адиси Орозбаева Светлана Бекеновна,
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү секторунун жетектөөчү адиси Райымбаева Мунара Жакшылыковна, улуттук коопсуздук мамлекеттик башкы адис-теолог Тилекматов Айбек Керезбекович, Аламүдүн райондук улуттар аралык мамилелер боюнча жооптуу секретарь Байгазиев Омурбек Омурович, баш имам хатибинин орун басары Муратбеков Нуркалый Тиленович, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Аламүдүн району боюнча кызматкери Джайыков Улан Мелисович катышты
Иш-чарада Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору А.Ш.Омурова сөз сүйлөп,Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчи адиси Орозбаева Светлана Бекеновна иш-чараны ачып берди.
Маалыматка ылайык, бул сүйлөшүүдө келген коноктор ар кандай экстремисттик уюмдардын жана экстремисттер менен террористтерди үгүттөөнүн ар кандай ыкмалары бар экендиги жөнүндө айтып беришти.
10-11-класстардын окуучулары менен келген кызматкерлеринин ортосунда талкуу түрүндө конструктивдүү маек болуп, анын жүрүшүндө бардыгы толук кандуу жоопторду алышты.
Программа экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү, экстремизмдин алдын алуу, терроризм коркунучун жокко чыгаруу тармактарында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу каралган. Ошондой эле, аталган программа адамдын, инсандын, коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого багытталат.
Ошондой эле ар кандай өзгөчө кырдаалдарда адамдын жүрүм-турум эрежелери айтылды.
Комментарии