Чыңгыз Айтматов-аалам алпы. 12-декабрь Адабият күнү
Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында «Сахна кеби» кружогунун жетекчиси Айсулуу Кенжебаева даярдаган «Чыңгыз Айтматов-аалам алпы» адабий кечеси жогорку деңгээлде болуп өттү. Кечеге мектептин директору Асылкан Шерматовна, директордун орун басары Тураргүл Сагыналиевна, кыргыз тилинен берген мугалимдер, тарых мугалимдери, кружок жетекчилери жана окуучулар катышты. Адабий кечеде «Манас» эпосунан үзүндү хор айтышып, чыгарманын каармандарынан үзүндүүлөр көсөтүлүп, Ч.Айтматовдун учкул сөздөрүнөн айтышты.
Комментарии