Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык иш-чарасына карата үч айлык пландын негизинде Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында төмөнкүдөй иштер болуп өттү. Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын 9-г классынын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен үзүндүнү аткарып, Аламүдүн районунун конкурсуна катышып, жыйынтыгында облустук турга жолдомо алдык.
16-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарында облустук турга активдүү катыштык.
Мектеп ичинде түзүлгөн пландын негизинде 2-8-класстардын арасында Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү (сүрөттөр, дубал газета, кол өнөрчүлүк) уюштурулду.
2-9-класстары менен музыка мугалимдери Анаркулов Совет, Аабай уулу Бекболсун адабий музыкалык кечени өткөрүштү. Кечеге Аламүдүн районунун мектептеринен 15 музыка мугалимдери келип катышты.
Адабий музыкалык кечеде Чыңгыз Айтматовго арналган көркөм ырларды окуучулар аткарып, “Гүлсарат” повестинен Танабайдын манологун 4-г классынын окуучусу Кочкорбеков Али айтып берди.
2-3-4-класстарынан хорго катышкан 20 окуучу “Балалык” жана “Бишкегим” ырды тарттулап, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.
Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык “Ысык-Көлдү” сагынуу ырын 10-а классынын окуучусу Нуралиева Нурайым жана Бактыбек кызы Эллайымдын аткаруусунда жаңырды.
Комментарии