23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү «ЭНЕ ТИЛИМ-ЭНЕМ, ЭЛИМ, УЮТКУМ»
Бүгүн Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн урматына «Эне тилим-энем, элим, уюткум» аттуу класстык тарбиялык сааттар жана иш-чара болуп өттү. Класстык тарбиялык саатта класс жетекчилер өзгөчөлөнүп даярданышкан. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимини менен ачылып, Мамлекеттик тил гимини менен жабылды. Драм кружогунун жетекчиси Кыдырмаев Шайымбет Кыдырмаевич агай өзүнүн окуучулары менен Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен үзүндү коюшуп, эн жогорку деңгээлде аткарышты. «Сахна кеби»ийриминин жетекчиси Муралдиева Айсулуу Кенжебековна окуучуларына кыргыз тилине арналган ырларын көркөм айтышты.Иш-чаранын жыйынтыгында мектеп директору Омурова Асылкан Шерматовнага сөз берилди.
Комментарии