Ак калпак күнү
Бүгүн, 5-мартта Ички иштер министрлигинин жыйындар залында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен уюштурулган Ак калпак күнүнө арналган ачык эшик күнүнө карата иш-чарага Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” уюмунун окуучулары катышты.
5-март күнү Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы Токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алганын 9-г классынын окуучусу Мажитова Аяна презентациясын окуп берди.
Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урманбетов, ИИМдин КККнын башчысы милициянын полковниги Сталбек Рахманов, ИИМдин КККнын бөлүм башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, Бишкек шаардык жана Чүй облустук балдар иштери боюнча инспекциясынын улук тескөөчүлөрү, ИИМдин генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Академиясынын курсантары, ошондой эле бир нече жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Аталган иш-чаранын ачылышында Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урманбетов куттуктоо сөзүн сүйлөп, кыргыздын-кыргыз экендигин таанытып, бийик Ала-Тоолорду жүрөгүбүздөн туюнтуп турган улуттук баш киймибиз “Ак калпак” күнүн сиздер менен чогуу белгилеп жаткандыгыбызды айтып, бардык конокторду Иски иштер министри Улан Ниязовдун жана жалпы ички иштер органдарынын атынан чын жүрөгүнөн куттуктап, балдарга чың ден соолук, бакубат, жаркын келечек каалады.
Ак калпак күнүн утурлай иш-чаранын алкагында чакырылган конокторго жана борбордук аппараттын өздүк курамына жаркын маанай тартуулаган концерттик программа көрсөтүлдү.
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиянын окуучусу 9-г классынын окуучусу Мажитова Аяна “Ак калак” жөнүндө презентациясын окуп жатып, Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы Токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алганын сыймыктануу менен айтып берди.
Драм кружогунун окуучулары “Саманчынын жолу” сценкасын көрсөтүп, сахна кебинин окуучулары Ак калпак жөнүнө ырларды көркөм айтышты.Ак калпак күнү менен куттуктап, вокал ийриминин жетекчиси Дегенбаев Бекзамир Атай Огонбаевдин “Жаштарга” обондуу ырын комуздун коштоосунда аткарып берди.
Иш-чаранын соңунда активдүү жарандык позициясы жана ички иштер органдарына көмөк көрсөткөндөгү үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын директору Асылкан Шерматовнага жана тарбия иштеринин завучу Анара Асанакуновнага ИИМ тарабынан “Кызматташтык” аталышындагы төш белгилери тапшырылды. Андан соң , чакырылган конокторго ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборуна, Басма Сөз кызматына жана музейине экскурсия уюштурулуп, окуучулар кызыгуу менен эс алып тарашты.
Андан сырткары 1-11-класстарга Ак калпак күнүнө карата класстык сааттар өткөрүлүп, мектеп парламенти видео ролик жасашты.
Аламүдүн районунун китепканасына 7-е класстын класс жетекчиси Бактыбекова Айчүрөк окуучулары менен экскурсияга барышты.
Комментарии