21-май 2024-жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура органынын
100 жылдык мааракесине байланыштуу Аламүдүн районунун прокурорунун
орун басары жана жардамчысынын катышуусунда “Жарандардын
конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын
ролу жана орду” жөнүндө “Балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу”
аталышында тематикалык лекция Желкайып Касымбаева атындагы №2
мектеп-гимназиянын окуучуларына окулду.
Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысы Эсен Умарович
окуучуларга кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана
принциптери жөнүндө кеңири түшүндүрүп берди.
Лекциянын жыйынтыгында окуучуларга кылмыштуулуктун түрлөрү боюнча
суроолор берилип, жооптор алынды.
Комментарии