Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын Жаш өспүрүмдөр инспектору Кыялбекова Бегимай Нурдиновна жана мектептин соц педагогу Ормотоева Алмаш Ыскаковна Милициянын жаш жардамчыларынын курама “Шер” командасын облустук сынакка даярдашып, 24-октябрь 2023-жылы Облустук “Милициянын жаш достору” сынагына катышты.
Сынакка Аламүдүн, Сокулук, Кемин, Чүй, Москва, Токмок, Ысык-Ата, Панфилов, Жайыл райондорунун командалары менен күч сынашты.
9 райондон келген команданын капитандары чүчү кулактын жыйынтыгы менен Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын майору Исаков Алмаз Карыповичке келип рапортторун беришти.
Экинчи сынак-агитбригад. Сынактын шарты –отряд жалпы курамы менен катышып,өзүнүн үй тапшырмасы менен капитандын жардамчысы Мажитова Аяна стенд газета менен тааныштырды.
Үчүнчү сынакта тестен өтүштү.
Сынактын жыйынтыгында Аламүдүн райондун атынан чыгышкан Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын
Милициянын жаш жардамчыларынын курама командасы тогуз райондун ичинен экинчи орунду ээлегендиги үчүн Чүй облусунун “милициянын жаш жардамчылары” Диплому, медаль, кубок жана саат менен сыйланышты.
Комментарии