2022-2023-окуу жылында математика,физика жана информатика мугалимдеринин предметтик декадасынын жыйынтыгы боюнча
отчету
Мектептин жалпы планына ылайык 6-17-февраль күндөрү маматематика,физика жана информатика жумалыгы өткөрүлдү.
Жумалыктын иш чарасы пландаштырылып,предметтик усулдук бирикменин жыйынында талкууланды жана мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилди.
Педагогикалык жамааттын курамына төмөнкү мугалимдер кирет:
1.Макеева Т.К.-6,8,9,10,11-г -класстарда кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү математика мугалими (24саат).
2.Кремнева И.В.-учитель математики 5(а,б)-6(б)-9(б)-10(а)-11(а) классов с русском обучения.(24 часов)
3.Турдалиева К.Т.-7(г)-8(г)-9(г)-10(г)-11(г)-класстарда кыргыз тилинде жүргүзүлгөн физика мугалими жана 9-а –класстарда орус тилинде жүргузүлгөн математика мугалими,5(е,г)-класстарда табият таануу мугалими.(22 саат)
4.Бердиматова Г.У.- учитель физики 7(а,б)-8(а,б)-9(а,б)-10(а)-11(а) классов с русском обучения и 7-а геометрия, 8(а,б)- классов учитель математики с русском обучения.(27 саат)
5. Ормотоева А.Ы. -5(г,е),6(е),7(г,е),7а,-класстарда кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү математика мугалими.(23 саат)
6.Шабданалиева З.З. -6(г,е),7(г,е),8(г,е),9(г) -класстарда кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү информатика мугалими.(18саат)
7.Каналбекова Шахира Джанадилалиевна 6-а,б,7-б класстарда математикадан ,5-а,б,6-а,б класстарга информатикадан орус тилинде жүргүзүлгөн мугалим.(20 саат).
.
.
Декаданы даярдоого маматематика,физика жана информатика мугалимдери активдуу катышышып,өздөрүнүн ачык сааттарын өтүштү.
Макеева Таалайхан Кайкыевна (10.02.2023ж) 6-г классында” Пиза программасы боюнча маселелерди чыгаруу” деген темада ачык саат өттү. Сабактын максаты окуучуларды математика боюнча функционалдык сабаттуулукка ээ болуучу маселелерди чыгарууга үйрөтүү жана сабакта алган билимин практикада колдоно билүүгө машыктыруу.Билимди системалаштыруу жана теориялык материалдын канчалык деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн текшерүү болду. Сабактын башталышында Пиза программасы боюнча маалымат берилди.Мугалим сабакта акыл чабуулун жүргүзүп, окуучулар менен иштеп, айтылган тапшырмаларды оз алдынча аткарышып , жообун презентациялап беришти. Андан тышкары өз алдынча маселелерди чыгарышты жана жообун талкуулашты. Ар бир окуучуга тест таркатылып,убакыт берилди.Мугалим сабакты бышыктоо ирээтинде балдардан тест алып, сабакты жыйынтыктады. Тапшырма берилди.Сабак максатына жетти.
Турдалиева Калыйбүбу Турдалиевна (13.02.2023ж) 8-г классында “Электр кубулуштары” темасына карата бышыктоо сабагын өттү.Сабактын максаты электр кубулуштары боюнча аныктамаларды,закондорду,формулаларды, чоңдуктарды жана бирдиктерди билишет,практикалык иш аткарган учурда колдоно алууга машыгышат,турмуш менен байланыштыра алышат. Мугалим слайд даярдап,окуучуларга слайд боюнча суроолорду,тарыхый маалымат -тарды көрсөтүп турду.Окуучулар топторго бөлүнүп,топ менен иштөөгө ,жекече иштөөгө аракет кылышты,карточкалар менен бааланышат.Мугалим слайд боюнча ар топко өзүнчө тапшырмаларды берди.Окуучулар суроолорго жооп беришип,маселелерди чыгарышты,акырында топтор да бааланды. Сабак максатына жетти,тапшырма берилди.
Бердиматова Гулина Усеновна (10.02.2023г) провела открытый урок в 9-б классе на тему “Преломление света”. Дом.задание было проверено устным опросом, работой по карточкам и предметами. На уроке была использована интерактивная доска для обьяснения новой темы и закрепления. Для закрепления ребята начали работать с слайддом и лабораторной работам. Дополнили устные ответы по иллюстрациям. Задачи поставленные учителем были выполнены.Гулина Усеновна окуучуларга турмуш менен байланыштырып,практика жүзүндө көрсөтүп , жеткиликтүү сабак өттү.Сабак кызыктуу болду.
Кремнева И.В.(10.02.2023г) провела открытой урок в 9-б классе на тему “Площадь.Формулы площади прямоугольника и квадрата.” Цели урока:Обобщить знания учащихся о плащади,полученные в начальной школе,дать понятие равных фигур,формулы площади прямоугольника и квадрата,совершенствовать вычислительные навыки. Форма урока теория и практика. Дом.задание было проверено устным опросом, работой по карточкам и предметами .Дополнили устные ответы по иллюстрациям. Задачи поставленные учителем были выполнены.
Ормотоева Алмаш Ыскаковна (10.02.2023ж) 5-е классында “Бөлчөктөрдү көбөйтүү” деген темада ачык саат өттү.Сабактын максаты:бөлчөктөрдү көбөйтүүнүн эрежесин билишет,эрежени колдонуп мисалдарды чыгарат,убакытты туура пайдаланышып тапшырмаларды аткарышат.Сабактын жүрүшүндө түстүү карточкалар таратылып,топторго бөлүнүштү. Ар бир топко тапшырмалар берилди,окуучулар өз алдынча чыгарышып,жообун текшертишти.”Поле чудес” оюну ойнотулуп,суроолорго жооп беришти.Окуучулар чарчаганда физ.минуталык көнүгүүлөрдү жасашты.Окуучулар карточкалар менен бааланышты.Сабак бышыкталып,тапшырмалар берилди,сабак максатына жетти.
Шабданалиева З.З.(1.02.2023ж) 8-г классы менен “Python тилинде графика менен иштөө” деген темада ачык саат өттү.Жаңы теманы өздөштүрүү, билимдерди бышыктоо,билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу тибиндеги сабак өтүлдү.Сабактын максаты:окуучулар Python тилиндеги графика жөнүндө маалымат алышат,билимин калыртандырышат. Компьютердин программалары менен иштей билүүгө көнүгүшөт,программа түзүүгө машыгышат. Мугалим окуучуларга жаңы теманы түшүндүрүп, координаталык тегиздикте чекиттин координаталарын табууну, операторлорду колдонууну түшүндүруп берди.Turtle модулу (атайын терезеде графикалык объекттерди,чиймелерди тузүүгө мүмкүндүк берген модул)жана негизги командалары менен тааныштырып,мисал көрсөтүп берди.Сабактын экинчи бөлүмүндө окуучулар компьютерде программа түзүп фигураларды көрсөтүштү.Мугалим окуучулардын билимин баалап,тузгөн программасына карата баа койду,тапшырма берилди.Сабак максатына жетти.
Жумалыктын жүрүшундө дубал газеталардын конкурсу жарыяланып, окуучулардын чыгармачылыгы менен математика,физика,информатикадан газеталар чыгарылды. Комиссиянын чечими менен конкурстун жыйынтыгы чыгарылып,10-а класс физикадан 1-орунду , 8-е класс физикадан 2-орун, 9-г класс математикадан 3-орунду, 7-г класс математикадан 3-орунду ээлешти. Грамоталар менен сыйланышты. Комиссиянын төрайымы- Макеева Т.К.,мүчөлөрү- Бердиматова Г.У, Ормотоева А.Ы.
Класстан тышкаркы иштер уюштурулуп,предметтик мугалимдер өздөрүнүн иш-чараларын көрсөтүштү.
1.Макеева Т.К. 9-г классы менен математикалык таймаш “Ойлон,изден,тап” деген темада класстан тышкаркы ишин көрсөттү.Иш-чаранын максаты окуучулардын ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү, математикага болгон кызыгуусун арттыруу,топтордо иштөөсүн,лидерлик жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу.Окуучулардын таанып-билүү жана чыгармачылык иш-аракеттерине ой жүгуртүүсүн жайылтуу.Таймаш 5 этаптан түзулду: логикалуу суроолор(ар бар окуучуга берилди), кызыктуу математика,геометриялык фигуралар,домино оюну,капитан командалардын жарышы.Сабакка мугалимдер,ата-энелер катышып,окуучулар активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жеңүүчү командалар сыйланыштуу.Иш-чарада лидерлик жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, лидер окуучулар да сыйланышты.
2.Турдалиева К.Т . 8-е,г класстары менен Акыл ордо (интеллектуалдык колейдоскоп) класстан тышкаркы ишин уюштуруп,эки классты жарыштырды.Окуучулар алган билимдерин көрсөтүп,физика сабагына болгон кызыгуусун арттырып,турмуш менен байланыштыра алышты.Слайдда көрсөтүлгөн суроолорго,тапшырмаларга жооп беришти.Физикадан тарыхый маалыматтар менен таанышышты.Командалар өздөрүнүн билим деңгээлдерин көрсөтүп,жеңүүчүлөр тандалды,ар бир тапшырма үчүн баалар берилип,жыйынтыгы чыгарылды.
3.Шабданалиева З.З. 7-8-г,е класстары менен информатикадан Акыл таймаш сабагын уюштуруп,командалар менен иш алып барды.Сабактын максаты окуучулар алган билимдерин калыптандырышат,оюндар менен көндүмдөрун жана ой-жүгуртүүлөрүн өстүрушөт. Сабакта интерактивдүү доска, карточкалар,клавиатуралар колдонулуп,практикалык иштер өтүлдү.Мугалим KAHOOT ту колдонуп,окуучулардын билим-деңгээлин текшерип, командаларга суроолорду берди.Сүрөт боюнча сөздү табууну көрсөтүп,окуучулардын кызыгуусун арттырды. Сабак кызыктуу өтулдү. Командалардын жеңүүчүлөрү аныкталып,сабак максатына жетти.
4.Кремнева И.В. провела внеклассные мероприятие в 11- классе на тему “Математика вокруг нас.” Инна Владимировна сабакты В.А Сухомлинскийдин “Без игры нет и не может быть полноценного умственного развития” деген ураан сөзү менен баштады.окуучуларга оюндун эрежеси менен тааныштырды:
— Игра состоит из раундов по 6 вопросов
— За правильно решенное залание- 1 балл
— Задания выбираете по очереди
— Выигрывает тот,кто набрал больше всего баллов.
Сабак интерактивдүү доска менен башынан аягына чейин өтүлдү,таблодон сандарды тандап,суроолорго,маселелерге жооп беришти.Кээ бир учурда эс алып да турушту. Сабак кызыктуу өтүлдү,жеңүүчүлөр сыйланды. Форма урока теория и практика. .Дополнили устные ответы по иллюстрациям. Задачи поставленные учителем были выполнены
Корутунду жана милдеттер:
Математика,физика жана информатика мугалимдеринин декадасы өз убагында өткөрүлдү.Бардык мугалимдер ачык сабактарды өтүшүп,класстан тышкаркы иштерди көрсөтүштү.Ачык сабактарга мектеп жетекчилиги жана мугалмдери катышты.Мугалимдердин сабактары талдалып,методикалык сунуштар берилди.Математика,физика жана информатика мугалимдеринин усулдук бирикмесинин предметтик декадасын өткөрүү планы аткарылды.
Милдеттери:.
1.Мугалимдер предмет боюнча мамлекеттик жаңы стандартты катуу жетекчиликке алышат.
2.Жөндөмдүү окуучулар менен иштөөнү күчөтүү жана олимпиадаларга даярдоону колго алуу.
3.Бүтүрүү класстары ЖРТга жана ИГА га даярдоо боюнча иштерди улантуу.
4.Пиза программасы боюнча окуучулар менен иш алып барууну күчөтүү.
Комментарии