Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында саат 11-00 дө 20-сентябрь “Биз бангиликке каршыбыз!” деген темада иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар Кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, Аламүдүн РИИБнун БИИнын милициянын майору Акунов Урмат Темирбекович, Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысы Наргиза Болотбековна, Аламүдүн районунун социалдык өнүктүрүү жана эмгек башкармалыгынын адиси Асанбаева Сайра Ракимжановна жана Аламүдүн РИИБнун КККнын БИИ нын участкалык инспектору милициянын капитаны Кыялбекова Бегимай Нурдиновна катышты.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, окуучулар ырдашты.
Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги А.Ш.Омурова иш-чарага келген конокторду окуучуларга тааныштырды.
Милициянын жаш жардамчыларынын курама командасы “Биз бангиликке каршыбыз!” деген темага презентациясы менен тааныштырышты.
“Драм” ийриминин катышуучулары “Бангичиликтин үстүнөн сот жүргүзү” деген темада роль аткарышты.
“Сахна кеби” ийриминин окуучулары “Кайдыгерлик” ырын көркөм айтып беришти.
“Бангизат” деген темада виде ролик көргөзүштү.
Иш-чаранын соңунда Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар Кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, Аламүдүн РИИБнун БИИнын милициянын майору Акунов Урмат Темирбекович, Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысы Наргиза Болотбековна, Аламүдүн районунун социалдык өнүктүрүү жана эмгек башкармалыгынын адиси Асанбаева Сайра Ракимжановна окуучуларга темага ылайык өз сөздөрүн сүйлөп, окуучуларды түз жүрүүгө, жаман адаттарга кабыл болбоого үндөштү.
Иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Комментарии