Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында бүгүн 29-сентябрда “Укук бузуулардын алдын алуу” боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Аламүдүн РИИБнүн БИИнын улук инспектору милициянын майору Алымбеков Руслан Джаанбаевич, РБББ башкы адиси Орозобаева Светлана Бекеновна, Аламүдүн райондук прокурордун жардамчысы Бактыгүл Алимжановна, Аламүдүн райондук социялшдык башкармалыгынын башчысы Султанов Алмаз Молдогазиевичтер келишти жана 8-9-класстын окуучулары катышты. Иш-чарада Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору А.Ш.Омурова келген конокторду окуучуларга тааныштырды. “Акыркы сабак” тасмасынан үзүндү көргөзүлдү. “Менин укуктарым жана милдеттерим” деген темада көркөм ырларды айтышып, 8-г классынын окуучулары зордук –зомбулуктун алдын-алуу боюнча даярдаган сценка аткарышты. Жаш балдар өспүрүмдөрдүн инспектору Кыялбекова Бегимай Нурдиновна иш-чараны жыйынтыктап, “Укук бузуулардын алдын алуу” боюнча өзүнүн сөзүндө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан баштап тартыларын жана жашы жете элек өспүрүмдөрдү мектеп ичинде рэкетчилик жоосун иштерин жасалбоосун, мектепте болуп жаткан иш-аракеттерин айтып призинтациясын көрсөттү.
Бүгүн Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн урматына "Эне тилим-энем, элим, уюткум" аттуу класстык тарбиялык сааттар жана иш-чара болуп өттү. Класстык тарбиялык саатта класс жетекчилер өзгөчөлөнүп даярданышкан. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимини менен ачылып, Мамлекеттик тил гимини менен жабылды. Драм кружогунун жетекчиси Кыдырмаев Шайымбет Кыдырмаевич агай өзүнүн окуучулары менен Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинен үзүндү коюшуп, эн жогорку деңгээлде аткарышты. "Сахна кеби"ийриминин жетекчиси Муралдиева Айсулуу Кенжебековна окуучуларына кыргыз тилине арналган ырларын көркөм айтышты.Иш-чаранын жыйынтыгында мектеп директору Омурова Асылкан Шерматовнага сөз берилди.
МаалыматЖелкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында саат 9-00дө 1-сентябрь билим күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, ата-энелер комитетинин төрагасы Турдиев Кожокмат Тактиевич, ата-энелер жана мугалимдер катышты. Иш-чаранын аземинин ачылышында Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, окуучулар ырдашты. Элдик “Ханыша” бий ансамбили “Асыл зат” бийи менен иш-чараны ачып берди. Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги А.Ш.Омурова мугалимдер жааматын, конокторду, ата-энелерди жана 1-класска кирген окуучуларды куттуктап, сөз сүйлөдү. Иш-чарада Райондук “Манас” айтуу конкурсунун жеңүүчүсү 11-г классынын окуучусу Айтакунов Алмаз “Манас” эпосунан үзүндү айтып беришти. Иш-чаранын соңунда коңгуроо кагылып, - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүк-Кыргыз жараны өнүктүрүү концепциясында жазылган принциптердин негизинде өнүккөн жана толеранттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуу максатында 1-4-класстарга “Биз –Кыргызстандын мкелечегибиз”, 5-6-класстар “Элдердин биримдиги көп түрдүүлүктө”, 7-9-класстар “Эл биримдиги көп түрдүүлүк”, 10-11-класстар Кыргыз жараны-жалпы жарандык идентүүлүктүн негизи деген темаларда класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өткөрүлдү. Иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Новости

Бүгүн, 5-мартта Ички иштер министрлигинин жыйындар залында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен уюштурулган Ак калпак күнүнө арналган ачык эшик күнүнө карата иш-чарага Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” уюмунун окуучулары катышты. 5-март күнү Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул Жогорку Кеңештин…
Республикалык "Айтматов балдар дүйнөсүндө" аттуу театралдык-фестиваль сынагынын облустук этабында Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясы 1-орун алышты.
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык иш-чарасына карата үч айлык пландын негизинде Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында төмөнкүдөй иштер болуп өттү. Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын 9-г классынын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен үзүндүнү аткарып, Аламүдүн районунун конкурсуна катышып, жыйынтыгында облустук турга жолдомо алдык. 16-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарында облустук турга…

Мы в цифрах

58
Лет школе
3000
Учеников
350
Выпускников в год
3500
Книг в библиотеке